Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ТАЛАШ – эларалык укук субъекттеринин факты же укук боюнча келип чыккан, ырасмий таанылган пикир келишпестиктери. Эки тараптуу же көп тараптуу болушу мүмкүн, мамлекеттердин иш-аракетинин аркайсы чөйрөлөрүндө тигил же бул эларалык келишимге түшүндүрмө берүү же аны колдонуу, дайындуу мамлекеттин жоопкерчилиги д. у. с. маселелер боюнча келип чыгышы ыктымал. Тынчтык жолу жана каражаттары менен чечилүүгө тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ТЫНЧТЫК КАРАЖАТТАРЫ – эларалык укук субъектери (негизинен мамлекеттер) алардын арасында пайда болгон келишпөөчүлүктөрдү жөнгө салуу үчүн колдонуусу мүмкүн болгон эларалык укукта аныкталган жолжоболук ыкмалардын жана практикалык чаралардын комплекси. Көрсөтүлгөн каражаттарды колдонуунун укуктук жербайын БУУнун Уставында белгиленген эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү принциби түзөт. Анда Э. т. ч. т. к. катары сүйлөшүүлөр, иликтөөлөр, ортомчулук, элдештирүү, арбитраж, соттук териштирүү, аймактык органдарга же келишимдерге кайрылуу, ошондой эле талаштын катышуучуларынын тандоосу боюнча ушул сыяктуу башка каражаттар каралган.